ОшМПУнун СТАРТАПЕРЛЕРИ 6 БИЗНЕС ДОЛБООРГО ГРАНТ УТУП АЛДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун СТАРТАПЕРЛЕРИ 6 БИЗНЕС ДОЛБООРГО ГРАНТ УТУП АЛДЫ
20 май 2023
149

ОшМПУнун СТАРТАПЕРЛЕРИ 6 БИЗНЕС ДОЛБООРГО ГРАНТ УТУП АЛДЫ

ОшМПУнун СТАРТАПЕРЛЕРИ 6 БИЗНЕС ДОЛБООРГО ГРАНТ УТУП АЛДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Бизнес идеяларды ишке ашыруу борборунда студенттер үчүн беш күндүк комплекстүү бизнес-тренинг жыйынтыкталды.
Долбоордун алкагында катышуучуларга рынокту туура анализдөө, бизнес модел түзүү, атааңдаштыкка жөндөмдүү бизнес идея жарата билүү жана СММ тармагында кошумча билим алышты. Жалпысынан катышуучулар прототип базасынан бизнес процессти өз алдынча алып кетүүгө чейинки керектүү маалыматтарды алышты.
Аталган окуу курстун негизинде бизнес идеялардын сынагы уюштурулуп, ага жалпы 25 стартапер катышып, анын ичинен 6 долбоор атайын комиссия тобунун чечими менен тандалып алынды. Тандалган бизнес идеяларга 2000$ - 6000$ суммасында кайтарымсыз грант берилет.
Белгилей кетсек, аталган иш чара университетте экинчи жолу уюштурулду. Ал эми алгачкысында 3 долбоор грант утуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Тренинг ишкердүүлүккө кызыккан жаштарга бизнес жүргүзүү жолдорун үйрөтүү, жеке ишкердикке даярдоо жана жумуш менен камсыздоо максатында Американын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), Ага Хан фонду жана окуу жайдын Бизнес инкубатору менен биргеликте уюштурулган.      
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro