ОКУУ ЖАЙДА МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАРДЫН МЕЛДЕШИ ӨТҮП ЖАТАТ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОКУУ ЖАЙДА МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАРДЫН МЕЛДЕШИ ӨТҮП ЖАТАТ
28 май 2023
146

ОКУУ ЖАЙДА МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАРДЫН МЕЛДЕШИ ӨТҮП ЖАТАТ

ОКУУ ЖАЙДА МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАРДЫН МЕЛДЕШИ ӨТҮП ЖАТАТ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде майыптыгы бар жарандар ортосунда спорттун 5 түрү боюнча Ош облусунун Биринчилиги өтүп жатат.
Ага Ош облусунун Араван, Алай, Чоң-Алай, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын майыптыгы бар жарандары катышып, алар спорттун шашка, шахмат, кол күрөш, таяк тартыш жана коляскада жарышуу боюнча оюн курушууда.
Аталган мелдеш, майыптыгы бар жарандардын ден соолугун чыңдоо жана сергек жашоону калыптандыруу максатында Ош облусунун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулган.
Белгилей кетсек, мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундарды ээлеген командаларга кубок жана биринчи, экинчи, үчүнчү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro