Х АЙМАКТЫК ОЛИМПИАДАДА Ош МПУнун 23 СТУДЕНТИ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНГА ЖЕТИШТИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » Х АЙМАКТЫК ОЛИМПИАДАДА Ош МПУнун 23 СТУДЕНТИ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНГА ЖЕТИШТИ
29 май 2023
146

Х АЙМАКТЫК ОЛИМПИАДАДА Ош МПУнун 23 СТУДЕНТИ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНГА ЖЕТИШТИ

Х АЙМАКТЫК ОЛИМПИАДАДА Ош МПУнун 23 СТУДЕНТИ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНГА ЖЕТИШТИ
27-май күнү ОшМУнун медицина факультетинин имаратында аймактык университеттер аралык Х студенттик олимпиада болуп өттү.
Иш чара Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулуп, ага ЖаМУ, Ош ТУ, КӨЭАУ, БатМУ, Ош МПУ, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети жана Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунан келген 7 окуу жайдын студенттери катышты.
Анын катарында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинен жалпы 75 студент катышып, алардын 23ү байгелүү орундар менен кайтышты. Катышуучулар адистик жана предметтик, атайын, жалпы жана улантылуучу деңгээлдеги 25 секцияга бөлүнүп, жооптуу комиссиянын көзөмөлүндө тест, суроо-жооп, эссе жазуу түрлөрү боюнча ар кандай тапшырмаларды аткарышты.
Жыйынтыгында ОшМПУдан катышкан 6 студент 3-орунду багындырып, 8 студент 2-орунду камсыздады. Ал эми 1-орунга 8 студент ээ болду. Аталган байгелүү орундар педагогика, психология, тарых, химия, биология, экология, география, математика, информатика, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили предметтеринен камсыздалды.
Ал эми жалпы жыйынтык боюнча ОшМПУ университеттер аралык рейтингде 2-орун, педагогикалык багытта 1 - орунду камсыздады.
Талыкпай эмгектенип, ийгиликтерге жеткен студенттерди жана аларды даярдаган жооптуу окутуучуларды сыйлыктары менен куттуктап, ыраазычылык билдиребиз!  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro