МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ КҮНДҮЗГҮ ЖАНА СЫРТТАН ОКУУ БӨЛҮМҮНӨ КАБЫЛ АЛУУДА
ОшМПУнун МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ КҮНДҮЗГҮ ЖАНА СЫРТТАН ОКУУ БӨЛҮМҮНӨ КАБЫЛ АЛУУДА
2023-2024- окуу жылын утурлай Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин магистратура бөлүмү кабыл алууну жарыялайт.
Магистратурада окутуу келишимдик негизде жүргүзүлөт. Мында күндүзгү окуу формасында 2 жыл, келишимдик акы 27 000 сом, ал эми сырттан окуу формасында 2,5 жыл келишимдик акы 26 000 сомду түзөт.
Магистрдик программанын багыттары:
Педагогика
Башталгыч билим берүүнүн усулу
Мектепке чейинки билим берүүнүн усулу
Филологиялык билим берүү
Кыргыз тили жана адабияты
Орус тили жана адабияты
Англис тили
Физика-математикалык билим берүү
Математика
Информатика
Табигый-илимий билим берүү
Биология, химия, география
Социалдык-экономикалык билим берүү
Тарых
Көркөм билим берүү
Музыкалык билим берүү
Социалдык иш
Социалдык иш
Керектелүүчү документтер:
- Паспорт же анын көчүрмөсү;
- Жогорку билими жөнүндө дипломдун түп нускасы;
- Студенттин арызы;
- Резюме;
- 3*4 өлчөмүндөгү (6 даана) сүрөт;
- Аскердик билеттин же каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү;