3 июнь 2023
118
УЯДАН УЧУП ЖАТКАН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ АК ЖОЛ!
УЯДАН УЧУП ЖАТКАН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ АК ЖОЛ!
Окуу жай кучак толо гүл кармаган, кадимки форманын ордуна мантия кийген жана студенттик алтын доордун акыркы барагын жазып жактан болочок мугалимдер менен өзгөчө шаңга бөлөнүп турат.
Университетте 4 жыл бою билим алып, өздөрүн өлкөнүн керегине жарай алган, мыкты, келечектүү жана компетенттүү кадр болууга даярдап келген 4-курстун студенттери бүтүрүү кечесин тартуулашты.
Кечеге факультеттердин декандары, окутуучулар жана студенттер ата-энелери менен катышып, иш чараны университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков ачып берип, ал болочок кесип ээлерине ак жол каалады.
Аны улай кезектеги студенттерин бүтүрүп жаткан жетекчилер тарабынан болочок кесип ээлерине куттуктоо сөздөрү сүйлөнүп, окуу жайдын намысын бийик көтөргөн мыкты кадр жана агартуу тармагынын атактуу адистери болуусуна тилектеш экенин билдиришти.
Бул менен бирге окууда жана коомдук, маданий, спорттук иш чараларда ийгилик жаратып, окуу жайга сыймык алып келген студенттерге Ардак грамота, ал эми ата-энелерине ыраазычылык баракчалар тапшырылды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөр чакан концерттик программасын тартуулашып, окутуучуларга өз ыраазычылыктарын билдиришти.