Белгилүү окумуштуу Таасилкан Жумабаева ОшМПУнун ардактуу профессору болду » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » Белгилүү окумуштуу Таасилкан Жумабаева ОшМПУнун ардактуу профессору болду
29 июнь 2023
134

Белгилүү окумуштуу Таасилкан Жумабаева ОшМПУнун ардактуу профессору болду

Белгилүү окумуштуу Таасилкан Жумабаева ОшМПУнун ардактуу профессору болду
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Окумуштуулар Кеңешинин жыйынында ОшМУнун проректору, биология илимдеринин доктору, профессор Жумабаева Таасилкан Токтомаматовнага ОшМПУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылды.
Таасилкан Жумабаеванын кыргыз билим берүүсүндөгү, илиминдеги жана жаштарды тарбиялоодогу эбегейсиз эмгеги, ОшМПУнун профессордук-окутуучулук жамааты, студенттери менен жакындан кызматташып, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, жаштарга мыкты насаатчы болуп келгендиги эске алынып, университеттин Окумуштуулар Кеңешинин наамды ыйгаруу жөнундө чечими чыккан.
===========================
Прорфессор жөнүндө:
Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна 1958-жылы 19-декабрда Ош облусуна караштуу Алай районунда туулган.
Билими:
1980-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун биология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
1983–1987-жж. Күндүзгү аспирантура бөлүмүндө билим алган (Москва).
Ишмердүүлүгү:
1980-жылы Ош шаардык комсомолдор комитетинде инструктор.
1980-1981-жж. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Органикалык эмес жана физикалык химия институтунун улук лаборанты.
1981 -1983-жж. СССР Илимдер Академиясынын Химиялык физика институтунун илимий кызматкери.
1987-жылдын 1-декабрынан 1998-жылдын февралына чейин Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун Биология факультетинин ботаника кафедрасында (1992-жылга чейин) окутуучу, улук окутуучу, доцент, жана Ош мамлекеттик университетинде 1992-жылдан тартып эмгектенген.
2002-жылдан тартып ботаника кафедрасында профессор, 2003-жылдын март-май айларында жалпы биология кафедрасында кафедра башчы, 2003-2005-жылдары Табият таануу факультетинин деканы кызматын аркалаган.
2005-2007-жылдары ОшМУда окуу иштери боюнча проректор.
2007-2016-жылдары ОшМУда илимий иштер боюнча проректор, 2010-2011-жылдары эл аралык байланыштар боюнча проректору кызматтарын жетектеген.
2016-2019-жылдары PhD докторантура жана магистратура департаментинин башчысы кызматтарында иштеди.
2019-жылдын ноябрь айынан тартып дистанциондук билим берүү технологиялар менен иштөө боюнча проректор кызматын жетектеп келүүдө.
Сыйлыктары:
- Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы, (2005);
- ОшМУнун Ардак грамотасы, (2008);
- Ош облустук администрациясынын Ардак грамотасы, (2009);
- КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, (2005);
- КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин отличниги, (2006);
- Россиянын табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, (2016).
Негизги илимий эмгектери:
100дөн ашык басылмалардын автору. Анын ичинде 80ни илимий эмгектер жана 20дан ашууну окуу-усулдук мүнөздөгү эмгектер. Алар "СССР Илимдер академиясынын отчеттору", "Россия Илимдер академиясынын отчеттору", "Биофизика", "Колдонмо биохимия жана микробиология", "Радиобиология", "Мед радиологиясы", "Известия АН СССР", "Известия УИА КР", академиялык мекемелердин илимий эмгектеринин жыйнактары, "ОшМУ Жарчысы" ж.б. жыйнактарда жарык көргөн. Учурда 1 илимий ачылыштын автору, лицензия алууга даярдыктар жүрүп жатат.
Илимий жетишкендиктери:
1988-жылы биология илимдеринин кандидаты (ИХФ АН СССР, г. Москва),
2002-жылы биология илимдеринин доктору (г. Москва) илимий даражаларын ийгиликтүү коргогон.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro