30 июль 2023
133
Өлкө башчы ОшМПУнун жаңы имараттын курулуш иштери менен таанышты
Президент С.Жапаров: ИШТЕСЕ БОЛОТ ЭКЕНГО...
Бүгүн 30-июль Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде иш сапары менен болуп, жаңы имараттын курулушу менен таанышып чыкты.
Өлкө башчысына алгач университеттин ректору Бекмурза Зулуев окуу жай тууралуу маалымат берип, жаңы имараттын долбоору менен тааныштырды.
Андан соң Президент имараттын курулушу менен жакындан таанышып, мамлекетке эле таяна бербей мекемелер өздөрү да ушундай натыйжалуу иш алып барса боло турганын белгиледи.
Ошондой эле С.Жапаров окуу корпусун жаңы окуу жылынын башталышына ишке киргизүүнү тапшырды.
Президент мугалимдер коомубузда негизги ролдо тураарын баса белгилеп, педагогдорду даярдап чыккан бул окуу жайдын ишмердүүлүгүн баалап, жамаатка ийгилик каалады.
Белгилей кетсек аталган окуу корпустун курулуш иши 2021-жылдын ноябрь айында башталган. Имаратты куруу иштерине каражат окуу жайдын эсебинен жумшалууда.
Имарат планга ылайык 2023-2024-окуу жылына ишке берилет.
Окуу корпусу эл аралык стандарттын талаптарына ылайык заманбап үлгүдө, жаңы шарттар менен курулуп жатат.
Корпус өзүнө лекциялык кааналарды, кеңешме зал, китепкана, актовый зал, ашкана, аудиторияларды камтыйт.