15 сентябрь 2023
157
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮН УТУРЛАЙ АЛГАЧКЫ СЕМИНАР ӨТТҮ
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮН УТУРЛАЙ АЛГАЧКЫ СЕМИНАР ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде студенттер үчүн “Кызыгы көп кыргыз тили” аталышында семинар болуп өттү.
Иш чара мамлекеттик тилдин 34 жылдыгына карата жарыяланган бир айлыктын алкагында уюштурулуп, мында улуттук баалуулуктар, кыргыз тилинин өзгөчөлүгү, жаңы кабыл алынган мыйзам долбоорунун артыкчылыктары, учурдагы көрнөк – жарнактардагы одоно каталар жана смартфондук тиркемелердеги тилибизге байланыштуу маселелер туурасында маалымат берилди.