28 сентябрь 2023
230
ОшМПУнун АДИСИ РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАКТА СЫЙЛЫККА ТАТЫДЫ
КУТТУКТАЙБЫЗ!
ОшМПУнун АДИСИ РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАКТА СЫЙЛЫККА ТАТЫДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборунун башкы адиси Бектур Исамидин уулу республикалык ыр жазуу сынагында 3-орунга ээ болду.
Аталган иш чара Жогорку кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановдун демилгеси менен Мамлекеттик тилдин 34 жылдыгына карата уюштурулуп, сынакка республика боюнча акындар ат салышкан. Мында катышуучулардын эне тил жөнүндө ырлары жазылып, жеңүүчүлөргө 1-орун үчүн ноутбук, 2-орун үчүн планшет, 3-орун үчүн уюлдук телефон ыйгарылган.
“Тирүүлүккө кош айтамын билгиле, "Тилиң өлдү" - деген сөздү укканда. Уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз, а инсан катары жеке өзүм да чын дилден кубанычтамын. Байгеден да, жеңишке жетишкенден да жогору турган жагдай бар, ал - эне тилим тууралуу эки ооз кеп айта алуум”-дейт Бектур Исамидин уулу.