ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ДЕКАНДЫН КУБОГУ ОЙНОТУЛУУДА » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ДЕКАНДЫН КУБОГУ ОЙНОТУЛУУДА
10 октябрь 2023
91

ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ДЕКАНДЫН КУБОГУ ОЙНОТУЛУУДА

ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ДЕКАНДЫН КУБОГУ ОЙНОТУЛУУДА
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Дене тарбия факультетинде декандын кубогу ойнотулуп жатат.
Салтка айланган бул иш чара студенттердин спортко болгон жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу, тайпалар аралык ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулуп, ага аталган факультеттин 1-4-курска чейинки студенттер катышууда.
Мелдеш окуу жайдын спорттук аянтчасында өткөрүлүп, мында ар бир тайпадан түзүлгөн командалар жободо белгиленгендей волейбол, таяк тартыш, кыргыз күрөш, жеңил атлетика , тогуз коргоол, шахмат оюндары боюнча күч сынашууда.
Мелдештин жыйынтыгы спорттун ар бир түрү жана командалык эсеп менен чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталат. Байгелүү орунду ээлеген командаларга диплом жана баалуу белектер тапшырылып, ал эми 1-орунду алган команда атайын декандын кубогу менен сыйланат.
Белгилей кетсек, аталган иш чара окуу жайдын дене тарбия факультети тарабынан уюштурулуп, 5 күнгө созулат.      
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro