БЕЛГИЛҮҮ БАЛДАР ЖАЗУУЧУСУ СУЛАЙМАН РЫСБАЕВ ОшМПУда » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » БЕЛГИЛҮҮ БАЛДАР ЖАЗУУЧУСУ СУЛАЙМАН РЫСБАЕВ ОшМПУда
17 октябрь 2023
90

БЕЛГИЛҮҮ БАЛДАР ЖАЗУУЧУСУ СУЛАЙМАН РЫСБАЕВ ОшМПУда

БЕЛГИЛҮҮ БАЛДАР ЖАЗУУЧУСУ СУЛАЙМАН РЫСБАЕВ ОшМПУда
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде кыргыз адабиятынын балдар жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев конок-лекция окуду.
Ал окуу жайдын студенттери жана окутуучуларына деңгээлдик билим берүү технологиялары тууралуу лекция өтүп, анда формативдик билим берүүдө деңгээлдик ыкманын максаты, проблемалуу окутуу, ишмердик мамиленин белгилери, билим берүү философиясы тууралуу кеп козгоп, кызыктуу талкуу жаратты.
Бул менен бирге мугалим предметтик стандарттарды өздөштүрүүнүн деңгээлдери, маалыматтык, проблемалык, чыгармачыл деңгээлдердин критерийлери жана сынчыл ойлом жөнүндө кеңири маалымат берип, 4 деңгээлдин белгилерин мисалдар менен көрсөтүп, түшүндүрдү. Аны улай лекция суроо-жооп менен коштолду.
Эскерте кетсек, бул иш чара окуу жайдын музыкалык – педагогикалык факультети тарабынан студенттердин билим дүйнөсү кеңейип, дасыккан педагог болуу үчүн дагы-да көп маалыматка ээ болуп, мыкты адис болуусуна шарт түзүү максатында уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro