19 октябрь 2023
152
ОКУУ ЖАЙДА АЧЫК АСМАН КИТЕП ТЕКЧЕСИ АЧЫЛДЫ
ОКУУ ЖАЙДА АЧЫК АСМАН КИТЕП ТЕКЧЕСИ АЧЫЛДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери эми ачык асман алдында китеп окуганга шарт түзүлдү.
Тактап айтканда бүгүн окуу жайда университеттин жетекчилик жамааты жана студенттеринин катышуусунда “Ачык асман” китеп текчесинин ачылуу аземи болуп өттү. Саамалыкты университеттин ректору Бекмурза Зулуев баш болгон окутуучулар жамааты куттуктап, билим көрөңгөсү бай китепкөй студенттер үчүн бир топ китептерди белек кылышты.
Аны улай таланттуу студенттер тарабынан концерттик программа коюлуп, китепти даңктаган, анын баалуулугу, улуулугу, маани-маңызы тууралуу көркөм окуулар жана сахналык көрүнүштөр аткарылды.
Аталган китеп текче мындан ары бардык студенттер үчүн, өзгөчө жатакана жаштары үчүн кызмат кылат. Студенттер окуп бүткөн китебин бул текчеге коюп, каалаган китебин алып кетип окуганга мүмкүнчүлүктөр жаралды. Ошондой эле коопсуздук үчүн видео – көзөмөл орнотулуп, китеп текченин жанындагы ар бир кыймыл-аракет көзөмөлгө алынып турат.