СОЦИАЛДЫК КОРГОО ЖАНА ПРОФСОЮЗ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
СОЦИАЛДЫК КОРГОО ЖАНА ПРОФСОЮЗ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленди.
Иш чара 19-октябрь социалдык иш адистигинин кесиптик майрамын белгилөө максатында окуу жайдын гуманитардык факультетинин социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулду. Ага ылайык таланттуу студенттер тарабынан коомдогу социалдык көйгөйлөрдү камтыган сахналык көрүнүштөр, жандуу чыгармалар аткарылып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды.
Соңунда социалдык иш адистигинде билим алып жаткан мыкты студенттерге Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынан жана факультеттин жетекчилиги тарабынан Ардак громата жана ыраазычылык каттар тапшырылды.