25 октябрь 2023
201
КОЛЛЕДЖДИН ЖАМААТЫ БАТКЕН ОКУЯСЫНЫН 24 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕШТИ
КОЛЛЕДЖДИН ЖАМААТЫ БАТКЕН ОКУЯСЫНЫН 24 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕШТИ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде Баткен окуясынын 24 жылдыгына карата сынак өткөрүлдү.
Иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин инсандын руханий адеп – ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жарлыгынын алкагында аскерге чейинки даярдоо сабагы боюнча өтүп, мында 1-курстун студенттеринен турган 4 команда ат салышты.
Ага ылайык катышуучулар катардагы буруулар, марш тебүү, өз өнөрүн тартуулоо, суроо – жооп, автомат калашниковту чачуу жана жыйноо, тир атуу, гир көтөрүү жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча мелдеш курушуп, кызыктуу оюн көрсөтүштү.
Жыйынтыгында атайын калыстар тобу тарабынан упайлар берилип, жеңүүчү командаларга жана активдүү катышуучуларга ардак громаталар тапшырылды. Ошондой эле аскерге чейинки даярдоо предметинин окутуучулары Махамадсадык Эркинбаев жана Рахманали Мукамадали уулуна жаштарды патриоттуулукка тарбиялоого кошкон салымы үчүн Баткен согушунун ардагерлери тарабынан медалдар ыйгарылып, Гүлзат Казыева атайын ыраазычылык баракча менен сыйланды.