КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН АЛКАГЫНДА СЕМИНАР ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН АЛКАГЫНДА СЕМИНАР ӨТТҮ
25 октябрь 2023
191

КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН АЛКАГЫНДА СЕМИНАР ӨТТҮ

КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН АЛКАГЫНДА СЕМИНАР ӨТТҮ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде студенттердин өзүн-өзү таануусун өнүктүрүү өңүтүндө семинар болуп өттү.

Иш чара КРнын Президентинин “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы” жарлыгынын негизинде уюштурулуп, аны окуу жайдын мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборунун башкы адиси Бектурали Исамидин уулу өттү.

Семинардын жүрүшүндө  кыргыз элинин сөз байлыгы, чечендик өнөрү, улутту улут катары сактап турган баалуулуктары, тарыхый баалуу фактылары тууралуу кенен маалыматтар берилди. Бул менен бирге учурда улутубуздун айрым баалуулуктарын колдонууга алсыз болуп жаткан муунду, кыргыз жарандарынын артыкчылык жана кемчиликтерин талкууга алышты.

Аталган саамалык ар бир кыргыз жаранын өзүн-өзү таанып-билип, улутунун улуу мурасын, баалуулуктарын өзүнө сиңирип, өлкөнүн жарандык наркын сактап калуу максатында өткөрүлдү.

Мекеним менден башталат!

     

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro