КОЛЛЕДЖДЕ АТА – ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ УЮШТУРУЛДУ
КОЛЛЕДЖДЕ АТА – ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ УЮШТУРУЛДУ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинин мектепке чейинки даярдоо адистигинин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү.
Иш чарага колледждин жетекчиси Кырбашев Токторбай баштаган мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасынын окутуучулар жамааты жана студенттери ата-энелери менен бирге катышты.
Жыйындын жүрүшүндө университеттин миссиясы тааныштырылып, аккредитация боюнча маалымат берилип, мектепке чейинки билим берүү адистигинин мамлекеттик билим берүү стандартына (ММБС) дал келген негизги билим берүү программасы (НББП) жана окутуунун күтүлүүчү натыйжалары (ОКН) боюнча талкуу жүрдү.
Бул менен бирге студенттердин билими, тарбиясы, жүрүм-турум нравасы тууралуу кеп козголуп, билимдүү, ары компетенттүү жана сыймыктуу уул-кыздарды даярдоо үчүн окуу жай менен ата-энелер биргеликте аракет кылуу зарыл экенин белгилешти.
Аталган жолугушуу мектепке чейинки билим берүү адистигинин билим берүү сапатын жогорулатуу, студенттердин тартибин көзөмөлгө алуу менен татыктуу кесип ээлерин даярдоону камсыздоо максатында жыл сайын уюштурулуп келет.