8 ноябрь 2023
162
ОшМПУнун ТАРЫХЫНДА БҮГҮН ӨЗГӨЧӨ КҮН...
ОшМПУнун ТАРЫХЫНДА БҮГҮН ӨЗГӨЧӨ КҮН...
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин заманбап үлгүдөгү жаңы имараты белгиленген мөөнөттө бүтүп, анын ачылуу аземи салтанаттуу түрдө белгиленип, кызыл тасмасы кесилди.
Салтанаттуу аземге КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев баштаган бийлик өкүлдөрү жана университеттин профессордук-окутуучулар жамааты катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө алгач куттуктоо сөздөрү сүйлөнүп, мында өлкөбүздүн билим берүү тармагын алга сүрөө менен анын өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткан ОшМПУнун жетекчилигине жана жамаатына ыраазычылыктар айтылып, жаңы окуу корпусунун курулушунда жигердүү эмгек көрсөткөн тийиштүү адистер Ардак грамота менен сыйланышты.
Аны улай жетекчилер имараттын кызыл тасмасын кесишип, корпустун жалпы материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышып, окуу кааналарына экскурсия жасашты.
Ар бир кааналарда интерактивдүү панелдер менен сабактар өтүлүп, студенттердин эмгектеринен көргөзмөлөр коюлуп, окуу жайдын жамааты бул күндү өзгөчө маанайда белгилешти.
Эскерте кетсек 2021-жылдын декабрь айында Ош мамлекеттик педагогикалык университети 5 кабаттуу заманбап үлгүдөгү имарат курууну баштаган. Имараттын жалпы аянты 36*21 м2 түзсө, студенттер үчүн колдонула турган ички аянты 3600 м2 түзөт. Корпус өзүнө лекциялык кааналарды, кеңешме зал, китепкана, актовый зал, ашкана, аудиторияларды камтыйт.