ОКУУ ЖАЙДА ИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОКУУ ЖАЙДА ИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
10 ноябрь 2023
199

ОКУУ ЖАЙДА ИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ОКУУ ЖАЙДА ИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 10-ноябрь тынчтык жана өнүгүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө илимий көргөзмө болуп өттү.
Көргөзмө окутуучулардын илимий эмгектери менен жакындан таанышуу, тажрыйба алмашуу, студенттердин илим тармагында маалыматка ээ болуу деңгээлин жогорулатуу максатында окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаров жана факультеттердин илимий иштерин жүргүзгөн окумуштуулары тарабынан уюштурулду.
Мында ар бир факультеттин окутуучуларынын окуу-усулдук жана илимий эмгектери, жетишкендиктери, китептери, сыйлыктары, илимий жана монографиялык изилдөөлөрү, жарык көргөн илимий макалалары стол үстүнө жайылды. Бул менен бирге студенттердин илимий изилдөө иштери, жаңыдан түзгөн сайттары, чакан ойлоп жаткан эмгектери көрсөтүлдү.
ОшМПУнун окутуучулары илим дүйнөсүндө тынымсыз эмгектенип, натыйжада алардын илимий макала, монографиялары жыл сайын эл аралык, республикалык сайттарда, журналдарда жарык көрүп, окуу жай жыл сайын илимдин кандидаттары менен толукталып турат. Ошондой эле өз билимдерин жогорулатуу үчүн бир канча чет өлкөлөргө барып квалификациясын жогорулатуу курстарынан байма-бай өтүп турушат.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro