ОшМПУда "КЫЗДАР – КООМДУН КҮЗГҮСҮ" АТТУУ ФОРУМ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда "КЫЗДАР – КООМДУН КҮЗГҮСҮ" АТТУУ ФОРУМ ӨТТҮ
17 ноябрь 2023
68

ОшМПУда "КЫЗДАР – КООМДУН КҮЗГҮСҮ" АТТУУ ФОРУМ ӨТТҮ

ОшМПУда "КЫЗДАР – КООМДУН КҮЗГҮСҮ" АТТУУ ФОРУМ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Кыздар – коомдун күзгүсү” аталышында форум өткөрүлдү.
Форумдун спикерлери экс депутат, “Асылзат”аялдар коомунун жетекчиси, журналист Нуркыз Кадырбекова, гинеколог Айканыш Кадырбек кызы жана косметолог Мырзайым Исмаилова болуп, алар окуу жайдын кыздар жамаатына өз багытында тийиштүү маалыматтарды, сунуштарды айтышты.
Мында катышуучулар кыздардын адеп-ахлагы жана тарбиясы, учурдагы алардын коомдогу орду, өздүк гигиенаны туура сактоо, ден-соолукту баалоо, бетке туура кам көрүү жана косметикалык каражаттарды туура колдонуу туурасында кеңири маалыматтарга ээ болушту. Аталган форум жандуу аудиториянын коштоосу менен жогорку деңгээлде өтүп, суроо-жооптор менен коштолду.Жыйынтыгында форумдун спикерлерине уюштуруу тобу тарабынан ыраазычылык баракча жана белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек, иш чара Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети жана Ош шаарынын кыздар кеңеши менен биргеликте президенттин №303 жарлыгына ылайык үй – бүлөлүк улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүүгө карата кыздарды ар тараптан колдоо максатында уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro