АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН АЙЛЫКТЫ УЛАЙ СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН АЙЛЫКТЫ УЛАЙ СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ
18 ноябрь 2023
88

АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН АЙЛЫКТЫ УЛАЙ СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ

АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН АЙЛЫКТЫ УЛАЙ СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Айтматов ааламы жана кыргыз тили” аталышындагы айлыктын алкагында жазуучунун чыгармалары тууралуу семинар болуп өттү.
Иш чара окуу жайдын кыргыз тили жана адабияты адистигинин студенттери жана залкар жазуучунун окурмандарынын катышуусунда болуп, аны Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча башкы адис Бектурали Исамидин уулу өттү.
Семинарда Чыңгыз Айтматовдун өрнөктүү өмүр жолу, чыгармаларында катылган түпкү идеялар, анын бүгүнкү турмушка дал келүүсү жана жазуучуну коштогон маңыздуу ары кызыктуу жашоосу тууралуу маалыматтар жана фактылар айтылды. Катышуучулар Айтматовдун ааламына дагы-да сүңгүп кирип, анын улуттук наркты бийик тутуп, ар бир чыгармасы аркылуу кыргыз элин жана тилин даңазалап келгенине дагы бир ирет ынанышты.
Белгилей кетсек бул саамалык КРнын Президентинин 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө жарлыгына ылайык, тил саясаты чөйрөсүндө улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү программасынын алкагында уюштурулду.      
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro