ОшМПУда СТУДЕНТТЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда СТУДЕНТТЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
18 ноябрь 2023
73

ОшМПУда СТУДЕНТТЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ОшМПУда СТУДЕНТТЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттердин күнү белгиленип, майрамдык салтанат өткөрүлдү.
Иш чаранын алгачкы бөлүгүндө “Алло, таланттарды издейбиз” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнүн гала концерти тартууланып, мында студенттер өзгөчө шаң менен майрамдык кечеде өз таланттарын көрсөтүштү.
Андан соң университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков куттуктоо сөзүн сүйлөп, майрамдык кече сыйлоо аземи менен уланды.
Окууда жана коомдук иш чараларга дилгирлик көрсөтүп, ийгилик жаратып келе жаткан студенттер Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Бул менен бирге спорт тармагында спартакиада, мелдештерде мыкты жетишкендиктерге жеткен студенттерге кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, түрдүү саамалыктарда окуу жайдын намысын коргогон активдүү студенттерге окуу жайдын атынан сыйлыктар берилди.
Ошондой эле ОшМПУнун ардактуу окутуучусу, тарыхчы маркум Турсун Абжаловдун урматына үй бүлөсүнүн атынан тарых адистигинде билим алган 2 студентке 5000 сомдон стипендия ыйгарылды.
Жалпы студент досторду бүгүнкү майрамы менен кызуу куттуктайбыз!  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro