ОБЛУС БАШЧЫСЫ ОшМПУда ЖАШТАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОБЛУС БАШЧЫСЫ ОшМПУда ЖАШТАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
18 ноябрь 2023
77

ОБЛУС БАШЧЫСЫ ОшМПУда ЖАШТАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

ОБЛУС БАШЧЫСЫ ОшМПУда ЖАШТАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев менен жаштардын жолугушуусу болуп өттү.
Жаштардын демилгесин угуу жана аларды колдоо максатында уюштурулган иш чарага Ош облусунун Чоң-Алай, Ноокат, Кара-Кулжа райондорунда жана Ош шаарында эмгектенип жаткан жаш мамлекеттик кызматкерлери жана активдүү жаштары катышты.
Мында коноктор алгач университеттин жаңы имаратына экскурсия жасашты. Аны улай эркин форматта, чай үстүндө чакан жыйын уюштурулуп, жаштардын суроолору, сунуш-пикирлери айтылды. Ар тармакта айтылып жаткан сунуштарды Эльчибек Джантаев туура кабылдап, тийиштүү адистерге жеткирүүнү убадалап, ар бир суроого жеткиликтүү жооп берди.
“Бүгүнкү жолугушууда билим тууралуу суроолор абдан көп болгондугу мени кубандырды. Бул менен азыркы жаш муун билим алууга ынтызар экенин байкасак болот. Жаштардын суроолору курч, сунуштары да алдуу болду. Албетте биз бул суроолорду күтүп келгенбиз. Алдыда жаштар менен тыгыз кызматташып, сунуштарды ишке ашырууга аракет кылабыз.”- , деп билдирди Эльчибек Джантаев.
Иш чаранын соңку бөлүгүндө 10-ноябрь жаштар күнүнө жана 17-ноябрь студенттер күнүнө карата, илим жаатында жаңы багыттардын деңгээлин көтөрүүдө, Ош облусунун социалдык-экономикалык абалына, студенттерге билим берүүдөгү алгылыктуу салымы үчүн активдүү жаштар тобу Ардак грамотасы менен сыйланышты. Ошондой эле жолугушуунун активдүү катышуучуларына да атайын белектер тапшырылды.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro