ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАМААТЫ ОшМПУда » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАМААТЫ ОшМПУда
20 ноябрь 2023
78

ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАМААТЫ ОшМПУда

ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАМААТЫ ОшМПУда
Бүгүн Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жамааты Ош мамлекеттик педагогикалык университетине келип, окуу жай менен жакындан таанышты.
Мында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору п.и.д.,профессор Аскарбек Иманбаев, педагогика факультетинин деканы Асель Анапьяева, филология факультетинин деканы Үпөл Кадыркулова жана колледжинин директору Гүлайым Изагалиевна баштаган жамаатты университеттин ректору Бекмурза Зулуев жылуу кабыл алды.
Жолугушууда алгач эки тараптуу баарлашуу жүрүп, мында өкүлдөр ОшМПУ менен жакындан таанышып, соңку өнүгүүлөрү, өзгөрүүлөрүнө баам салып кетүү жана эки окуу жай ортосундагы мобилдүүлүк программасын алга жылдыруу максатында келгенин билдиришти.
Сүйлөшүүдөн соң коноктор жалпы университеттин абалы, жаңы имараты жана заманбап билим берүүгө ылайыкташкан материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты. Мындан сырткары ар бир факультеттер, борборлор, бөлүмдөр жана телестудия жана андагы жүрүп жаткан иштерге жакындан күбө б олушту.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro