СТУДЕНТТЕРГЕ ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТҮЛДҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » СТУДЕНТТЕРГЕ ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТҮЛДҮ
20 ноябрь 2023
67

СТУДЕНТТЕРГЕ ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТҮЛДҮ

СТУДЕНТТЕРГЕ ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТҮЛДҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Эмне үчүн финансылык сабаттуулук азыркы жашообузда маанилүү?” аттуу семинар уюштурулду.
Аталган семинарды Эл аралык Эмгек Уюмунун (ЭЭУ) “Өз бизнесиңди башта”, “Финансылык сабаттуулук”, “Score4Climate” программалары боюнча сертификатталган тренер Гульсаадат Баялиева өтүп берди.
Иш чарага университеттин Бизнес идеяларды ишке ашыруу борборунун мүчөлөрү жана активдүү студенттер катышып, мында компанияларга өндүрүш процесстерин оптималдаштыруу, командада иштөө жана ресурстарды үнөмдөө маселелери боюнча кеңири маалымат берилди. Ошондой эле тренер финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана бизнестин ийгилигине жетүү үчүн бир канча кеңештери менен бөлүштү.
Жыйынтыгында катышуучулар тренерге бир канча суроолорду узатышып, бизнес жаатында аз да болсо билимдерин толукташты. Белгилей кетсек, иш чара бизнес чөйрөсүндө туура багыт берүү жана жаштар арасында бизнести кенен жайылтуу максатында Бизнес идеяларды ишке ашыруу борбору тарабынан уюштурулган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro