Кыргыз-Россия факультетинин түптөлгөнүнө 20 жыл толду. » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » Кыргыз-Россия факультетинин түптөлгөнүнө 20 жыл толду.
24 ноябрь 2023
116

Кыргыз-Россия факультетинин түптөлгөнүнө 20 жыл толду.

Кыргыз-Россия факультетинин түптөлгөнүнө 20 жыл толду.
Ага ылайык факультеттин профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттери тарабынан бир топ иш-чаралар уюштурулмакчы.
Бүгүн 21-ноябрь юбилейдин ачылыш аземи болуп өттү. Ага окуу жайдын ректору, окуу иштери боюнча проректор, факультеттердин декандары, профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер катышты. Аталган саамалыктын ачылышында факультеттин таланттуу студенттери тарабынан көргөзмө уюштурулду. Ошондой эле адабиятыбыздын алпы Ч. Айтматовдун 95 жылдыгын утурлай адистиктин бүтүрүүчү курстары тарабынан каармандардын образдары жандуу чагылдырылып, жалпы көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын ректору, п.и.д., профессор Б. Б. Зулуев тарабынан куттуктоо сөз сүйлөнүп, факультеттин 20 жыл ичинде бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүп келе жаткандыгын баса белгилеп, факультеттин деканы, п.и.к., доцент Ш. Н. Мондошовго ыраазычылыгын билдирди жана мындан ары да ийгиликтерди каалады.
Мындан сырткары факультет алгач түптөлгөн күндөн тартып декандык кызматты аркалаган жетекчилер тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылды.
<a style=шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro