ОшМПУда УСУЛЧУЛАРДЫН ОКУУ КЕРЕМЕТ ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА ТЕГЕРЕК СТОЛУ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда УСУЛЧУЛАРДЫН ОКУУ КЕРЕМЕТ ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА ТЕГЕРЕК СТОЛУ ӨТТҮ
24 ноябрь 2023
76

ОшМПУда УСУЛЧУЛАРДЫН ОКУУ КЕРЕМЕТ ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА ТЕГЕРЕК СТОЛУ ӨТТҮ

ОшМПУда УСУЛЧУЛАРДЫН ОКУУ КЕРЕМЕТ ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА ТЕГЕРЕК СТОЛУ ӨТТҮ
21-ноябрь күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн окуу-усулдук кабинеттеринин усулчулары үчүн өтүп жактан окуу турдун алкагында тегерек стол болуп өттү.
Окуу туру АКШнын USAID Эл аралык өнүктүрүү агенттиги жана КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштурулуп, ага республиканын бардык облустарынан келген райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн окуу-усулдук кабинеттеринин 38 усулчусу, ЖОЖдордун окутуучулары жана долбоордун адистери катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө “Окуу керемет” долбоору менен бирге кызматташкан ОшМПУ, ОшМУ жана КӨАЭУнун адистери тарабынан иш берүүчүлөр жана педагогикалык окуу жайлардын ортосундагы байланыш, кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстарын мугалимдердин муктаждыктарына ылайык пландоо боюнча маалыматтар берилди.
USAID Эл аралык өнүктүрүү агенттиги менен кызматташууну ОшМПУнун Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмү колго алып, 2014-жылдан бери бирге иш алып барышат. Анын алкагында университеттин бир канча окутуучулары кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү менен бирге, уюмдун “Келгиле окуйлу”, “Бирге окуйлу”, жана “Окуу керемет” долбоорунун улуттук тренери наамдарына жетишип, усулдук чеберчиликтерин жогорулата алышты.
Белгилей кетсек аталган долбоор жер-жерлерде башталгыч класстардын мугалимдери менен окуу-усулдук иштерди уюштуруу маселелери боюнча усулчулардын потенциалын жогорулатуу , облустар жана райондор ортосунда усулдук иштерди уюштуруу максатында ишке ашып келет. Окуу турдун программасына ылайык катышуучулар19-24-ноябрга чейин Ноокат району, Ош шаары, Өзгөн шаары жана Жалал-Абад облустарында түрдүү форматтагы иш чараларга катышат.     
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro