МАСАЛИЕВ ЖАНА ИСАНОВГО АРНАЛГАН ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » МАСАЛИЕВ ЖАНА ИСАНОВГО АРНАЛГАН ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ
24 ноябрь 2023
75

МАСАЛИЕВ ЖАНА ИСАНОВГО АРНАЛГАН ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ

МАСАЛИЕВ ЖАНА ИСАНОВГО АРНАЛГАН ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдык, Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракелерине арналган тегерек стол өттү.
Аталган иш чара “Тазалык - абийир жана ар намыстын символу” аталышында болуп, ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев жана тарых илимдеринин доктору, профессор Балтагул Нурунбетов баштаган Оштогу ЖОЖдордун тарыхчылары, гуманитардык факультетинин окутуучулук жамааты жана студенттер катышты.
Иш чаранын алгачкы бөлүгүндө Абсамат Масалиев жана Насирдин Исановдун өмүр таржымалы камтылган видео тасма көрсөтүлүп, андан соң дал ушул инсандар менен кезинде чогуу иштеген кесиптеши Балтагул Нурунбетов алардын эл алдында таза абийир менен кызмат өтөп, ар дайым мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын көздөгөн улуу инсан болгонун эскерди.
Аны улай КГПИнин директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Асан Бердиев “А.Масалиевдин эгемендүүлүк жылдарындагы мамлекеттик жана коомдук ишмердүүлүгү” жана философия илимдеринин кандидаты, доцент Роза Шарипова “Эки доор инсаны Н.Исановдун өрнөктүү өмүрү” темасында өз баяндамаларын жасашты.
Тегерек столдо мамлекеттик идеология жана эки доор инсандарынын Кыргызстандын эгемендүүлүк мезгилиндеги тарыхый орду, өрнөктүү өмүрү, мамлекеттик жана коомдук ишмердүүлугү талкууга коюлуп, иш чара андан ары суроо жооп форматында уланды.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro