ӨЗБЕКСТАНДЫН ОКУМУШТУУЛАРЫ ОшМПУда ЛЕКЦИЯ ОКУШТУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ӨЗБЕКСТАНДЫН ОКУМУШТУУЛАРЫ ОшМПУда ЛЕКЦИЯ ОКУШТУ
24 ноябрь 2023
83

ӨЗБЕКСТАНДЫН ОКУМУШТУУЛАРЫ ОшМПУда ЛЕКЦИЯ ОКУШТУ

ӨЗБЕКСТАНДЫН ОКУМУШТУУЛАРЫ ОшМПУда ЛЕКЦИЯ ОКУШТУ
Өзбекстан Республикасынын Наманган мамлекеттик университетинин окумуштуулары Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде студенттерге конок-лекция өтүштү.
Иш чаранын коноктору Наманган мамлекеттик университетинин тарых факультетинин деканы Шухрат Хайдаралиев, архив таануу бөлүмүнүн мүдүрү Ботирали Вохобов, гуманитардык илимдер факультетинин окумуштуулары Икром Кузукулов жана Ботир Маллабоев болуп, ага окуу жайдын тарых кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышты.
Мында лекторлор Кокон хандыгынын тушундагы Фергана өрөөнүнүн калкынын этникалык курамы, учурдагы көйгөйлөр: ХХI кылымдын биринчи он жылдыгында Фергана өрөөнүнүн археологиясын изилдөө, этноинтеграция процесстери, Фергана өрөөнү (XIX-XX кылымдарда) жана өнүгүүнүн жаңы этабында өзбек – кыргыз мамилелери туурасында лекция окушту.
Бул менен бирге студенттер лекторлорго бир топ кызыктырган суроолорду узатышып, тарых маселесин камтыган теманын айланасында талкуу жаратышты. Жыйынтыгында лекциянын катышуучулары тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro