СТУДЕНТТЕРГЕ ВИЧ-СПИД ИНФЕКЦИЯСЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » СТУДЕНТТЕРГЕ ВИЧ-СПИД ИНФЕКЦИЯСЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ
24 ноябрь 2023
160

СТУДЕНТТЕРГЕ ВИЧ-СПИД ИНФЕКЦИЯСЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ

СТУДЕНТТЕРГЕ ВИЧ-СПИД ИНФЕКЦИЯСЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде ВИЧ-СПИД инфекциясы, жыныстык жолдор менен өтүүчү оорулардын жана наркоманиянын алдын алуу бонча тиешелуу адистер менен студенттердин жолугушуусу болду.
Иш чарага Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана ВИЧ инфекциясынын көзөмөлдөө борборунун дарыгерлери Алмамбет Каныбек уулу, Нурзина Шарабидин кызы жана университеттин бардык факультеттеринен студенттер, окутуучулар катышышты.
Мында аталган дарт жөнүндө адистер кеңири токтолушуп, оорунун жугуу жолдору, кооптуулугу, сактануу эрежелери жана АИВ, ЖИКС инфекциялары тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле КРнын жана Ош шаары жана облусундагы ВИЧ инфекциясынын 2023-жылга карата эпидемиологиялык абалы жөнүндө статистикалык маалыматтар менен да тааныштырып өтүштү .
Жолугушуунун соңунда студенттер адистерден ар кандай суроолоруна жоопторду алышып, ВИЧ-СПИД инфекциясы тууралуу талкуу жүргүзүштү. Белгилей кетсек иш чара 1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата Ош облусунун СПИДке каршы күрөшүү боюнча жана аны алдын алуу борбору жана ОшМПУнун жетекчилиги тарабынан уюштурулган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro