ОШ МЕНЕН ӨЗГӨНДҮН ТАЛАНТТАРЫ ЭЛДИК САРМЕРДЕНДЕ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОШ МЕНЕН ӨЗГӨНДҮН ТАЛАНТТАРЫ ЭЛДИК САРМЕРДЕНДЕ
26 ноябрь 2023
87

ОШ МЕНЕН ӨЗГӨНДҮН ТАЛАНТТАРЫ ЭЛДИК САРМЕРДЕНДЕ

ОШ МЕНЕН ӨЗГӨНДҮН ТАЛАНТТАРЫ ЭЛДИК САРМЕРДЕНДЕ

25-ноябрь күнү Ош улуттук драма театрында Өзгөн району жана Ош шаарынын таланттары элдик сармерденде таймаш курушту.

Аталган саамалык КРнын Президентинин 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу жөнүндө жарлыгына ылайык республикалык деңгээлде уюштурулууда.

Элдик сармерден таймашында бул ирет Өзгөн районунун жана Ош шаарынын элдик таланттары анын катарында ОшМПУнун өнөрпоздору эл кубанткан кызыктуу оюн курушуп, жобого ылайык саламдашуу, жеке номер, элдик ыр, макал айтышуу, интермедия аткаруу, хор ырдоо сыяктуу жалпы 9 турдун негизинде өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Сармердендин жүрүшү улам кызып, күйөрмандар сүрөөн менен өз тарапташтарына өзгөчө дем-күч берип, эки тарап тең сахнада мыкты аткаруу менен өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүштү. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен Ош шаарынын командасы 49 упайга, ал эми Өзгөн районунун таланттары 50 упайга ээ болуу менен финалдык турга жолдомо алышты.   

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro