28 ноябрь 2023
134
АДАМ УКУКТАРЫ ТАЛКУУ ҮСТҮНДӨ...
АДАМ УКУКТАРЫ ТАЛКУУ ҮСТҮНДӨ...
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде адам укуктарынын жалпы кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына карата тегерек стол өттү.
Ага Ош шаардык кеңешинин социалдык – маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча комитетинин төрагасы Болот Баетов, Ош шаардык кеңешинин депутаты Айбек Таалайбек уулу жана студенттер катышты.
Мында коноктор вена декларациясы жана билим алуу укугу, Кыргыз Республикасында адамдын конституциялык укуктары жана аларды сактоо, бүгүнкү күндөгү жаштардын коомдогу орду тууралуу маалымат беришти.