29 ноябрь 2023
240
“АЙТМАТОВДУ ОКУЙБУЗ” КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫ
“АЙТМАТОВДУ ОКУЙБУЗ” КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Айтматовду окуйбуз” долбоорунун алкагында китеп окуу сынагы болуп өттү.
Аталган сынак жаштардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, китепкөй адис болууга үндөө максатында “Айтматов ааламы жана кыргыз тили” аталышындагы үч айлыктын жүрүшүнө карата уюштурулуп, ага окуу жайдын студенттери жана жаш окутуучулары катышты.
Сынактын алгачкы бөлүгүндө окуу жайдын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бороборунун адиси Бектур Исамидин уулу катышуучуларга Айтматов тууралуу семинар өттү. Андан соң сынак тест аркылуу жүргүзүлүп, суроолор жазуучунун жалпы чыгармалары, романдарындагы каармандар, өмүр таржымалы жана хронологиялык фактыларды камтыды.