АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ жана ЖАҢЫ КЫЗМАТТАШУУЛАР » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ жана ЖАҢЫ КЫЗМАТТАШУУЛАР
6 декабрь 2023
192

АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ жана ЖАҢЫ КЫЗМАТТАШУУЛАР

АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ жана ЖАҢЫ КЫЗМАТТАШУУЛАР
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, профессор Бекмурза Зулуев Өзбекстан Республикасында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келди.
Аталган конференция Фергана мамлекеттик университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Чыңгыз Айтматов жана дүйнө адабияты” аталышында уюштурулуп, ага Өзбекстандын жана Кыргызстандын окумуштуулары катышышты.
Иш чаранын жүрүшүндө университетте Ч.Айтматовго арналган борбордун ачылуу аземи болуп, кызыл тасмасы кесилди.
Андан соң жобого ылайык конференция пленардык отурум менен коштолуп, мында профессор Бекмурза Зулуев илимий конференциянын жүрүшүнө ийгилик каалоо менен, эки элдин достугун арттырып, ынтымагын бекемдөөгө залкар жазуучу себеп болуп жаткандыгын баса белгилеп, аталган саамалыкты уюштургандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Бул менен бирге Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен Фергана мамлекеттик университети ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Ага ылайык алдыда эки окуу жайдын студенттери мобилдүүлүк программасы менен окуп келүү, ал эми окутуучулар тажрыйба алмашуу багытында жакындан кызматташуусу жүргүзүлөт.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro