12 декабрь 2023
167
ОшМПУда ОКУУ КЕРЕМЕТ ДОЛБООРУНУН АДАБИЯТ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ ЧАРАСЫ ӨТТҮ
ОшМПУда ОКУУ КЕРЕМЕТ ДОЛБООРУНУН АДАБИЯТ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ ЧАРАСЫ ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында «Китеп – адеп ачкычы» аталышында иш чара болуп өттү.
Иш чара келечек муундун китеп окууусуна коомчулуктун кеңири колдоосун күчөтүү, жаш муундардын китеп окууга болгон ынтаасын мотивациялоо максатында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана улуттук адабият күнүнө карата уюштурулду.
Ага ылайык иш чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты, Ош шаарынын мэриясы, ММК, Ош шаардык кеңеши, маданият жана спорт, коомдук китепкана өкүлдөрү жана долбоордун улуттук тренерлери, райондук, шаардык методисттер, Ош облусунун, Ош шаарынын мектеп окуучулары жана мугалимдери катышты.
Программага ылайык алгач катышуучулар жыйындар залына топтолуп, мында регионалдык команда тарабынан «Эмне үчүн китеп окуйбуз?» интерактивдүү презентациясы көрсөтүлдү. Ошондой эле окуучулар чыгармалардан сахналык көрүнүш аткарышып, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнө өз суроолорун беришти.