РЕКТОРДУН БИЛИМ КУБОГУНУН ТӨРТҮНЧҮ АЙЛАМПАСЫ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » РЕКТОРДУН БИЛИМ КУБОГУНУН ТӨРТҮНЧҮ АЙЛАМПАСЫ ӨТТҮ
15 декабрь 2023
150

РЕКТОРДУН БИЛИМ КУБОГУНУН ТӨРТҮНЧҮ АЙЛАМПАСЫ ӨТТҮ

РЕКТОРДУН БИЛИМ КУБОГУНУН ТӨРТҮНЧҮ АЙЛАМПАСЫ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде ректордун “Билим кубогу” ойнотулду.
Иш чара КРнын Президентинин Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан белгиленген “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышында жарыяланган үч айлыктын алкагында уюштурулуп, мында 6 факультеттен тандалып чыккан билимдүүлөр ат салышты.
Жаштардын билимин жана интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүүгө багытталган бул таймашта катышуучулар улуттук баалуулуктар, Кыргызстандын улуу инсандары, накыл кептер, логика, сөз байлык жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын камтыган суроолорго жооп берип, бүйүр кызыткан таймаш курушту.
“Ректордун байгесине арналган кубоктор спорт жаатында эле ойнотулуп келсе, аталган сынакта ректордун кубогунун билим үчүн коюлушу мени абдан кубандырды” -,деп билдирди калыстар тобунун жетекчиси Тургунбай Алдакулов.
Жыйынтыгында атайын түзүлгөн калыстар тобунун чечими менен 3-орунду Кыргыз Россия факультетинин студенти Омар Мажитов, 2-орунду музыкалык – педагогикалык факультетинин студенти Нурпери Ысмаилова, ал эми 1-орунду математика жана компьютердик технологиялар факультетинин студенти Венера Рысбаева багындырды.
Белгилей кетсек, аталган билим таймаш окуу жайдын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro