17 декабрь 2023
148
ОшМПУда МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ – ТЕОРИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ
ОшМПУда МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ – ТЕОРИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде магистранттардын “Инсандын руханий адеп-ахлактык ѳнүгүүсү” аттуу илимий-теориялык конференция болуп өттү.
Аталган конференцияны окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Равшанбек Абсатаров ачып берип, магистранттардын илимий изилдөөгө болгон кызыгуусун арттыруу максатында инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсүнө токтолуп, конференциянын катышуучуларына ийгиликтерди каалады.
Иш чара университеттин магистратура жана аспирантура бөлүмү тарабынан уюштурулуп, алгач пленардык жыйында Гүлжамал Маатова “Орто мектептерде путон программалоо тилин окутуу методикасы”, Бегимай Сапарбай кызы “Орус жана кыргыз тилдеринде фразеологизмдерди салыштыруу”, Гүлбарчын Тойкулова “Байыркы кытай булактары кыргыздар жана Кыргызстан” аталышында илимий баяндамаларын жасашты.
Андан соң катышуучулар ар бир багыт боюнча секциялык иштерге бөлүнүп, мында магистранттар ѳзүнүн илимий темасынын негизинде алгачкы илимий изилдѳѳлѳрүн жүргүзүшүп, өз макалаларын окушту.