ОшМПУда АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН ҮЧ АЙЛЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН ҮЧ АЙЛЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ
19 декабрь 2023
237

ОшМПУда АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН ҮЧ АЙЛЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

ОшМПУда АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН ҮЧ АЙЛЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ
18-декабрь күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Айтматов ааламы жана кыргыз тили” аталышындагы үч айлыктын жыйынтыгына ылайык сыйлоо аземи өткөрүлдү.
Аталган иш чара окуу жайдын мамлекеттик тилди өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулуп, ага профессордук – окутуучулук жамаат, окутуучулар жана студенттер катышты.
Алгач программага ылайык таланттуу студенттер тарабынан көркөм окуулар, обондуу ырлар жана сахналык көрүнүштөр аткарылып, концерттик программа тартууланды.
Аны улай сыйлоо аземинин жүрүшүндө Айтматовду окуйбуз долбоорунун жыйынтыгы, “Эл бактысы – эне тил” ыр жазуу сынагынын жыйынтыгы айтылып, китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында мыкты иштерди жасаган окутуучуларга жана айлыктын жүрүшүнө иш чараларга активдүү катышкан окутуучуларга диплом, статуэтка жана баалуу белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссия тарабынан белгиленген “Айтматов ааламы жана кыргыз тили” аталышындагы үч айлыктын алкагында ыр жазуу, китеп окуу конкурстары өтүп, адабий кечелер жана бир топ семинарлар уюштурулган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro