21 декабрь 2023
254
ОшМПУ КЫТАЙДЫН II ПЕДАГОГИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ
ОшМПУ КЫТАЙДЫН II ПЕДАГОГИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ
Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен Кытай Эл Республикасынын II педагогикалык университетинин ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү.
20-декабрь күнү окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев Кытайдын Нанкин шаарындагы II педагогикалык университетинен келген делегацияны кабыл алды.
Жолугушууда алгач Яо Жын Бяо баштаган өкүлдөр өздөрүнүн университети тууралуу чакан маалымат беришип, окуу жайга келүү максатын айтышты.
“Биз Кыргызстанга анын ичинде Ош шаарына биринчи ирет келдик. Биздин максатыбыз эки өлкөнүн ЖОЖдорунун жана мектепке чейинки билим берүү мекелеринин кызматташтыгына байланыш түзүү жана педагогикалык тажрыйба алмашуу болуп саналат. Бул менен бирге студенттердин мобилдүүлүк программасын жана окутуучулардын билимдерин жогорулатуу окуу курстарын уюштурууга кызыкдарбыз. Жалпысынан билим берүү тармагында эл аралык долбоорлорду бирге ишке ашырууну каалайбыз.”-,деп билдирди Яо Жын Бяо. (II педагогикалык университетинин ректорунун орун басары)
Баарлашуудан соң жетекчилер эки тараптуу макулдашуунун жыйынтыгы менен кызматташуу меморандумуна кол коюшту.