26 декабрь 2023
157
ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ
ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин дене тарбия факультетинде иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү.
Иш чарага факультеттин деканы Абдубахаб Капаров баштаган профессордук-окутуучулар курамы, факультеттин бүтүрүүчүлөрү, шаардагы мектептердин директорлору жана спорт комитетинин өкүлдөрү катышты.
Жолугушуу тегерек стол форматында өтүп, мында адистикке тиешелүү окуу пландары, негизги билим берүү программасынын сапаты жана кадр маселеси талкууланды. Ошондой эле иш берүүчүлөрдөн сунуш – пикирлер айтылып, студенттерди жумушка жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.