ПРОФЕССОР ДҮЙШӨН ШАМАТОВ ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН СЕМИНАР ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ПРОФЕССОР ДҮЙШӨН ШАМАТОВ ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН СЕМИНАР ӨТТҮ
28 декабрь 2023
138

ПРОФЕССОР ДҮЙШӨН ШАМАТОВ ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН СЕМИНАР ӨТТҮ

ПРОФЕССОР ДҮЙШӨН ШАМАТОВ ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН СЕМИНАР ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов окутуучулар үчүн семинар өттү.
Иш чарага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук – окутуучулук курамы жана окутуучулар катышты. Ага ылайык белгилүү педагог Дүйшөн Шаматов катышуучуларга “Силллабус жазуу: окутуу жана баалоо усулдары” деген темада сабак өтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп кетти.
Семинарда силлабус жазуу жана анын мазмуну, окутуунун түрдүү усулдары, окуу процессиндеги силлабустун зарылдыгы, дилбаянды баалоо, баалоонун түрлөрү жана критерийлери, ошондой эле кайтарым байланыш жөнүндө кеңири маалыматтар берилди.
Соңунда профессор окуу жайдын илимий изилдөө, окуу – усулдук иштеринин өнүгүүсүнө кошкон салымы, билим берүүдөгү талыкпаган эмгеги жана жаратмандыгы үчүн ыраазылык кат менен сыйланды.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro