11 январь 2024
180
ОшМПУда МУГАЛИМДЕР КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ
ОшМПУда МУГАЛИМДЕР КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде заманбап усулдарды түзгөн программалар жана санарип технологиялар боюнча педагогикалык чеберчиликти жогорулатууга багытталган окуулар өткөрүлдү.
Ага Ош шаарындагы Карл Маркс мектебинин мугалимдери жана "Мурас" инновациялык колледжинин окутуучулары катышып, тажрыйбалуу адистерден өз билимдерин кеңейтүү менен бирге жаңы усулдарды өздөштүрүштү.
Мындан сырткары университеттин дасыккан адистери өздөрүнүн мыкты инновациялык ыкмалары жана педагогикалык усулдары, тажрыйбалары менен бөлүшүп, түрдүү сабактарды өтүп беришти.
Мында тренерлер тарабынан катышуучуларга учурдагы актуалдуу усулдарды түзгөн PISA программалары, STEАM методикалары, ЖРТга дардоо маселелери, жана санарип технологиялар боюнча маалыматтар берилди.
Белгилей кетсек, аталган иш чара окуу жайдын мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, ЖРТга даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмдөрү тарабынан уюштурулуп, жыйынтыгында сертификаттар тапшырылды. Бул аракеттер аркылуу аталган мекемелер менен билим берүү тармагындагы өз ара тыгыз алакалар чыңдалып, максаттуу пландар ишке ашырылууда.