16 январь 2024
170
“БАГЫТ” ОКУУ БОРБОРУ КЫШКЫ ОКУУ КУРСУН ӨТТҮ
“БАГЫТ” ОКУУ БОРБОРУ КЫШКЫ ОКУУ КУРСУН ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин “Багыт” окуу борбору окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо боюнча бир айлык окуу курсун өттү.
Аталган кышкы интенсив курсунда Чоң – Алай, Ноокат, Кара – Кулжа райондору жана Ош, Кызыл – Кыя шаарларынын орто мектептеринен келген 9-11-класстын окуучулары билим алышып, алар негизги тесттин предметтери математика жана кыргыз тили, кошумча химия, биология, англис тили предметтеринен тестке даярдык көрүштү.
Борбордун адистери окуучуларга жаңы жана интерактивдүү усулдардын жардамы менен учурдагы актуалдуу виртуалдык, стимулияциялык лабораторияларды электрондук негизде колдонуп сабактарды өтүшүп, аз убакыт ичинде керектүү билимдерди берүүгө аракеттеништи.
Курстун жүрүшүндө катышуучуларга ЖРТга даярдоодон сырткары, туура кесип тандоого багыт берүү, китеп окуу конкурстары, башка ЖОЖдорго саякаттар, семинар-тренингдер жана интеллектуалдык оюндар уюштурулду. Ошондой эле университет тарабынан жатакана менен камсыздалып, болочок абитуриенттердин билими үчүн бардык шарттар түзүлдү.