МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ САЯСАТЫ УЛУТТУК КОМИССИЯСЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ ОшМПУда » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ САЯСАТЫ УЛУТТУК КОМИССИЯСЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ ОшМПУда
19 январь 2024
135

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ САЯСАТЫ УЛУТТУК КОМИССИЯСЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ ОшМПУда

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ САЯСАТЫ УЛУТТУК КОМИССИЯСЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ ОшМПУда
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев баштаган өкүлдөр Ош мамлекеттик педагогикалык университетине келишти.
Өкүлдөрдү проректор Каныбек Раимбеков тосуп алып, алгач университеттин жаңы окуу корпусунун материалдык-техникалык базасын жакындан тааныштырды жана окуу жайдын жаш окутуучулары санарип технологиянын жардамы менен кыргыз тилинин айкалышын ачыктаган чакан сабактарды өтүп беришти.
Бул менен катар коноктор окутуунун жаңы виртуалдык лабораторияларын, онлайн платформаларын өздөштүрүү менен аларды кыргызчалатып студенттерге жеткиликтүү билим берүү иш аракетине да күбө болушту. Ошондой эле окуу жайдын ичинде мамлекеттик тил боюнча жүргүзүлгөн иш чаралар жана “InfoDocs” электрондук документ жүргүзүү тутумунун иштөө натыйжасына жакындан баам салышты.
“Азыр тилдердин дүйнөлүк катуу жарышы болуп жатат. Ар бир тил заманбап технологияга ээ болсо, анда ал тил өзүнүн келечегинен камсанабай эле койсо болот. Бул жердеги окутуучулардын сабактарын көрүп мен ушундай жыйынтыкка келдим. Дагы ушул сыяктуу окутуучулар окуутунун жаңы технологияларын мыкты өздөштүрүп, өсүп келе жаткан жаштардан ат чабым алдыда туруусу зарыл. Мындай күчтүү мугалимдерди даярдоо вазыйпасын ОшМПУ аткарышы керек. Жалпы педагогикалык жамаатка ыраазычылык билдирем жана дагы ийгиликтерди каалайм”,-деп билдирди КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro