21 январь 2024
174
ОшМПУнун БӨЛҮМҮ КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИКТИ ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫН БАТКЕНДЕ УЛАНТТЫ
ОшМПУнун БӨЛҮМҮ КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИКТИ ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫН БАТКЕНДЕ УЛАНТТЫ
15-20-январь күндөрү БатМУнун Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтунун окутуучулары кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курсунан өтүштү.
Бул саамалык Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган. Окуу курс 1 жумага уланып, мында п.и.к., доцент Жыпаргүл Шербаева, улук окутуучулар Гүлзада Сагынбаева, Айсырга Ырысбаева, Кайратгүл Кошуева жана Нуриза Мамашерип кызы заманбап жаңы усулдар боюнча сабактарды өтүштү.
Ошондой эле окутуунун жаңыча актуалдуу ыкмалары, PISA программалары, STEM методикалары жана окуучулардын билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана санарип технологиялар боюнча кенен маалыматтарды камтыган окуулар өткөрүлдү.