КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ТҮШТҮК АЙМАКТАР АРАЛЫК БӨЛҮМҮ ОшМПУда КОНОК-ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ТҮШТҮК АЙМАКТАР АРАЛЫК БӨЛҮМҮ ОшМПУда КОНОК-ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ
23 январь 2024
157

КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ТҮШТҮК АЙМАКТАР АРАЛЫК БӨЛҮМҮ ОшМПУда КОНОК-ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ

КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ТҮШТҮК АЙМАКТАР АРАЛЫК БӨЛҮМҮ ОшМПУда КОНОК-ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Кыргызпатенттин түштүк аймактар аралык бөлүмү тарабынан окутуучуларга арналган конок – лекция өткөрүлдү.
Иш чара "Кыргыз республикасындагы инновациялык ишмердүүлүк, автордук чектеш укуктарды жана товардык белгилерди укуктук коргоо" аталышында болуп, ага университеттин профессордук-окутуучулук курамы катышты.
Мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Жантаев “Кыргыз Республикасынын инновациялык ишмердүүлүгү” темасында презентация жасады.
Андан соң катышуучуларга аталган бөлүмдүн адистери тарабынан интеллектуалдык менчик объектилерин Кыргызпатентке каттоо, автордук укук жана мамлекетте автордук укуктарды туура каттоо, товардык белгилерди каттоо, өлкөдөгү товардык белгилердин укуктук корголушу, пайдалуу модель, ойлоп табуулар туурасында кеңири маалыматтар берилди.
Белгилей кетсек, конок – лекция интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо боюнча маалымдуулукту камсыз кылуу жана интеллектуалдык менчик объектилерин каттоо маселелери боюнча билимди жогорулатуу максатында уюштурулган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro