30 январь 2024
186
УЛУК ОКУТУУЧУЛАРДАН ЖАШ ОКУТУУЧУЛАРГА УСУЛДУК ЖАРДАМ
УЛУК ОКУТУУЧУЛАРДАН ЖАШ ОКУТУУЧУЛАРГА УСУЛДУК ЖАРДАМ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде жаш окутуучуларга арналган «Окутуучу менен студенттин биргелешкен иш аракеттеринин маңызы” аталышындагы семинар өткөрүлдү.
Семинарды улук окутуучулар Жамиля Усубалиева, Жыргал Жусупбек кызы, Зульфия Жумагулова жана п.и.к., доцент Жыпаргүл Шербаева өтүп, мында алар ЖОЖдогу окутуучунун ишмердүүлүгүнүн мазмуну жана мүнөзү, окутуучу тарабынан педагогикалык таасир көрсөтүүнүн негизги объектилери жана заманбап окутуучунун сапаттарынын модели жөнүндө практикалык сабак, мастер – класстарды өтүштү.
Ошондой эле тренерлер тарабынан катышуучуларга жогорку окуу жайда сабак өтүүнүн өзгөчөлүгү, теорияда алган билимди практика менен айкалыштыра билүү, усулдарды сабакта колдонуунун артыкчылыктары, логикалык ой жүгүртүү, ишмердүүлүктүн негизги стратегиялары жана окутуучулардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир топ усулдар, ыкмалар туурасында кеңири маалымат берилди.
Белгилей кетсек, иш чара окуу жайда эмгектенип жаткан жалпы жаш кызматкерлерге жол көрсөтүп, усулдук, технологиялык жактан тажрыйбаларын кеңейтүү максатында университеттин окуу усулдук бирикмесинин 2023-2024-окуу жылы үчүн иш планына ылайык окутуунун алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларын жайылтуу секциясы тарабынан уюштурулду.