БАГЫТ ОКУУ БОРБОРУ “КЕСИБИМ КЕЛЕЧЕГИМ” ФОРУМУНУН 2-ЭТАБЫН БАШТАДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » БАГЫТ ОКУУ БОРБОРУ “КЕСИБИМ КЕЛЕЧЕГИМ” ФОРУМУНУН 2-ЭТАБЫН БАШТАДЫ
4 февраль 2024
110

БАГЫТ ОКУУ БОРБОРУ “КЕСИБИМ КЕЛЕЧЕГИМ” ФОРУМУНУН 2-ЭТАБЫН БАШТАДЫ

БАГЫТ ОКУУ БОРБОРУ “КЕСИБИМ КЕЛЕЧЕГИМ” ФОРУМУНУН 2-ЭТАБЫН БАШТАДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин “Багыт” окуу борборунун “Кесибим – келечегим” аталышындагы форуму экинчи ирет старт алды.
Аталган форумдун 1-туруна Ош облусунун Ноокат районунан 388, Өзгөндөн 239 жана Аравандан 63 окуучу катышып, алар сынамык тест тапшырышты. Ал эми Кара-Суу районунун 8 айыл өкмөтүнөн жана шаарынан да 221 окуучу 1-турга катталып, К.Эрматов орто мектебинде борбордун адистери менен жолугушту. Ага ылайык адистер окуучулардан кыргыз тили жана математика предметтеринен тест алышып, кесипке багыт берүү багытында мотивациялык тренинг өтүштү.
Форумдун 1-этабына катышып, тесттен жогорку балл алган окуучулар 2-турга “Кесибим – келечегим” аталышындагы эссе жазуу конкурсуна өтө алышат. Андан соң эң мыкты эссе жазган окуучуларга 3-турда интеллектуалдык оюнда билимдерин сынашат. Жеңүүчүлөрдү өзгөчө, баалуу белектер жана мыкты кесип ээлери менен уюштурулган форум күтөт.
Белгилей кетсек форум алдыда Баткен жана Ош облустарынын калган район, шаарларында уланып, алдыда бөлүмдүн адистери мектеп окуучулары менен тыгыз иш алып барышат жана жыйынтыктоочу бөлүмү апрель айында ОшМПУда өткөрүлөт.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro