ИЛИМ ИЗИЛДӨӨДӨ ЖАНА ОКУТУУДА САПАТТУУЛУКТУ ЖОГОРУЛАТУУ БАШКЫ МАКСАТ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ИЛИМ ИЗИЛДӨӨДӨ ЖАНА ОКУТУУДА САПАТТУУЛУКТУ ЖОГОРУЛАТУУ БАШКЫ МАКСАТ
7 февраль 2024
194

ИЛИМ ИЗИЛДӨӨДӨ ЖАНА ОКУТУУДА САПАТТУУЛУКТУ ЖОГОРУЛАТУУ БАШКЫ МАКСАТ

ИЛИМ ИЗИЛДӨӨДӨ ЖАНА ОКУТУУДА САПАТТУУЛУКТУ ЖОГОРУЛАТУУ БАШКЫ МАКСАТ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары жана студенттери “Жаркын келечек үчүн билим алуудагы теңчилик жана жеткиликтүүлүк” долбоорунун алкагында жаңы маалыматтарга ээ болушту.
Аталган долбоор АКШнын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан колдоого алынып, анын алкагында Кыргызстандын бардык облустарынын жогорку окуу жайларында маалымат таратуу семинарлары өткөрүлүп жатат. Анын катарында ОшМПУнун жамааты үчүн да семинар уюштурулуп, мында маалыматтык сабаттуулук, илим изилдөөдө жана окутууда электрондук ресурстарды эффективдүү колдонуу боюнча керектүү билимдер берилди.
Бул менен бирге илимий изилдөө жүргүзүүдө кайсы булактарды колдонуу натыйжалуу, ачкыч сөздөрдү табуу, тийиштүү материалдарды издөөдө академиялык ресурстарды же Google тиркемесин колдонуу боюнча тереңдетилген маалыматтар айтылды.
Иш чара ЖОЖдор жана коомдук китепканалар үчүн эл аралык онлайн ресурстарга жеткиликтүүлүктү уюштуруу, электрондук ресурстарды эффективдүү пайдалануу жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча билим берүү мекемелеринин потенциалын жогорулатуу максатында университеттин китепкана бөлүмү тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro