14 февраль 2024
117
ОшМПУда ЭЛ АРАЛЫК КИТЕП БЕЛЕККЕ БЕРҮҮ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
ОшМПУда ЭЛ АРАЛЫК КИТЕП БЕЛЕККЕ БЕРҮҮ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 14 – февраль китеп белекке берүүнүн эл аралык күнүнө карата “Китепсиздиктин кесепети” аталышында семинар болуп өттү.
Аталган семинардын коногу жазуучу, “Китеп.kg” басма үйүнүн жетекчиси Куштарбек Кимсанов болуп, иш чарага окуу жайдын окутуучулары жана студенттери катышты.
Мында жазуучу катышуучуларга китептер дүйнөсү, китеп менен дос болуу, аны окубагандыктын кесепети, китеп окууга болгон кызыгууну арттыруу, китептин адам дүйнөсүн өзгөртүүдөгү орду жана китеп окууга үндөгөн китептер туурасында маалымат берип, жаштарды китеп дүйнөсүнө чакыруу менен семинар өттү.
Бул менен бирге китеп окуунун артыкчылыктары, китеп окуу жана окутуу, китепкөй адис болуу тууралуу мотивациялык түшүнүктөр берилип, тренер менен студенттер эркин форматта суроо-жооп менен темага байланыштуу маалыматтарды кеңири талкуулашты.
Соңунда иш чаранын активдүү катышуучулары “Китеп.kg” басма үйүнүн жана коноктун автордук китептери менен сыйланды. Ошондой эле окуу жайдын китепкөй студенттери үчүн университеттин китепканасына да бир топ китептер белек кылынды.