20 февраль 2024
120
ОКУУ ЖАЙДА ДҮЙНӨ ТИЛДЕРИН ДАҢАЗАЛАГАН ФЕСТИВАЛЬ ӨТТҮ
ОКУУ ЖАЙДА ДҮЙНӨ ТИЛДЕРИН ДАҢАЗАЛАГАН ФЕСТИВАЛЬ ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде “Биз ар түрдүүбүз, бирок биргебиз” аталышында фестиваль болуп өттү.
Иш чарага колледждин чет тили адистигинин 1-курсунун студенттери активдүү катышып, мында студенттер Кыргызстанда жашаган орус, өзбек, казак сындуу түрдүү улуттардын тилин, каада – салтын, оюндарын, улуттук кийимдерин жана тамактарын көргөзмөгө коюшту.
Улуттардын башын бириктирген бул салтанат ар улуттун маданиятын чагылдырган концерттик программа менен коштолуп, студенттер өз эне тилин жана үйрөнүп жаткан тилдерин даңазалоо максатында аталган улуттардын маданиятын, жана улуттук баалуулуктарын чагылдырышып, сахналык көрүнүштөрдү жана ырларды тартуулашты.